Бул — малдын, кайберендин терисинин ийлеген түрү. Ат жабдыктардын негизги жердиги, жүнү алынып, же ашатылып ийленген тери. Чабылган ээрди каптоодо чылгый тери керек. Жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, канжыга, тердик, желдик, чылбыр, үзөңгү боо, камчы өңдүүлөрдүн бөлүктөрү бүтүндөй териден турат. Үй жыгачтарын көктөөдө, чарык, кепич, маасы сыяктуу бут кийимдерин тигүүдө, кур, бычакка кын кылууда жана башка буюмдарды кармоодо кайыш керек.

Даяр тери.

Кайыш жасоодо «терини жыдытуу», «терини малмага салуу», «терини ашатуу», «терини талкууга алуу» өңдүү ыкмалар колдонулат.

Кайыш «ак кайыш», «күдөрү кайыш» деп эки түргө бөлүнөт да, муну жасоо аракеттери бири-биринен айырмаланат. Айрым чеберлер кайыш өрүмдөрү үчүн кунаажындын терисин тандашат. Өгүздүн териси өрүмгө анча жарабайт. Мунун өркөчү менен соорусу калың, калган жерлери жука болот да, тилими бирдей түшпөйт.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)