КанибадамТажикстандын түндүгүндөгү шаар. Согд облусунда. Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Чоң Фергана каналынын боюнда жайгашкан. Канибадам темир жол бекетинен 6 км. Калкы 58,3 миң (2008). Жолдор тоому. Болжол менен 9–10-кылымдарда пайда болгон. Алгач 1463-жылы эскерилет. 1937-жылдан шаар. Машина куруу, металл иштетүү (велосипед, майыптар үчүн коляска жана башка), жеңил (пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш (жашылча-жемиш консервалары, ширелер) өнөр-жай ишканалары жана «Шохон» нефть ажыратуучу заводу [Канибадам жана Бадкуанд (Кыргызстандагы) кендеринин негизинде] иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүктүн байыркы борбору. Мир-Ражаб-Додхо (16-кылым) жана Оим (17–18-кылымдар) медреселери, Лангари-Бобо мавзолейи (17–18-кылымдар), мунара (19-кылым) жана салттуу кооздолгон мечиттер сакталган. Тарыхый-край таануу музейи, музыкалык-драма театры бар.

Канибадам.

Колдонулган адабияттар түзөтүү