Кан-Жайлоо мөңгүсү
Кан-Жайлоо мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу бутактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз суусунун алабында. Эңилчек кырка тоосунун ортоңку бөлүгүндө, анын Түндүк айрыгынын араларында жайгашкан. Узундугу 13 км, аянты 32,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5257 м, этеги 3150 м бийикте. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Мөңгү мезгил-мезгили менен тартылып, кайра ордуна келип турат. Андан Эңилчек суусунун сол куймасы Ат-Жайлоо суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9