Эңилчек кырка тоосу - Борбордук Теңир-тоодо; Какшаал тоо тизмегине кирет.

Сары-жаз капчыгайынан Бозкыр кырка тоосуна чейин созулат. Уз. 60 км, туурасы чыгышында 12 км, батышында 5–7 км; орт. Бийикт. 5100 м, эң бийик жери 5722 м (Шокальский чокусу). Диагональ түрүндө жаткан Атжайлоонун өрөөнү Э. к. т-н экиге бөлөт. Батыш бөлүгү анча бийик эмес (4200 мге чейин), мөңгүсүз. Чыгыш тарабы туташ жаткан кар ж-а мөңгүлөр м-н капталган. Генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь. Э. к. т-нда силур мезгилинде пайда болгон чөкмө ж-а жанар тоо тектери, девондун акиташ катмарлары, пермдин гранит интрузиясынын массивдери ж-а көп дайка кездешет. Чөкмө ж-а жанар тоо тектери төмөнкү герцинде пайда болгон бүктөлүүлөргө учурап, ири Эңилчек антиклиналын түзөт. Бүктөлүш түн. жагынан Атбашы – Эңилчек жаракасы, түштүгүнөн Үчкөл – Кайыңды жаракасы м-н чектешет. Антиклиналдык бүктөлүш батышты карай чөгөт. Чыгыш бөлүгүнүн эки капталы тең гляциалдык-нивалдык алкакта жатат; Түш. Эңилчек ж-а Кайыңды мөңгүлөрүн бөлүп турат. Батыш бөлүгүнүн түш. капталына жарым чөл, шалбаалуу талаа, түн. капталына шалбаалуу талаа, карагай токой, субальп ж-а альп шалбаа алкактары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2