Кан-тамырлардын варикоздук кеңейиши

Кан-тамырлардын варикоздук кеңейиши — кан тамырлардын узарып, ийри-буйру жана түйүн сымал болуп кеңейүүсү.

Ал көбүнчө буттун, көтөн чучуктун жана урук чылбырчаларынын веналарында учурайт. Анын пайда болушуна вена капталынын тубаса (тукум куума) начардыгы, ийкемдүүлүгүнүн жоголушу, вена клапандарынын жетишсиздиги, бут веналарында кандын агышын кыйындатуучу, башкача айтканда кесипке байланыштуу шарттар — узак убакыт туруп иштөө (дүкөнчүлөр, чач тарачтар, ашпозчулар жана башка), кош бойлуулук, веналардын шишиги (кысуу) дагы ушундай сыяктуу кырдаалдар себеп болот.

Бул оору менен ооругандардын 60—80%и ооруга кош көңүл мамиле жасап, аны косметикалык майыптыктын бир түрү деп гана ойлоп, ага маани беришпейт. Кеңейген вена ийри же түйүн түрүндө көрүнүп турат. Мында териге керектүү зат аз келгендиктен трофикалык жара пайда болушу мүмкүн. Бут көбүнчө кечинде шишийт, салмактанат, басып жүргөндө бат чарчайт, жатканда сыздап ооруйт. Киши көпкө туруп турганда күчөп ооруйт. Айрым учурда оорулуу балтыр булчуңдарынын түйүлгөнүн сезет. Аба ырайынын өтө ысык болушу терс таасир кылат. Оору өтүшүп кеткенде шишиги күчөп, басуу кыйындайт, кээде баспай да калат. Кеңейген веналарда кан жай жүрүп, сезгенүү процессинин өнүгүшүнө жана тромбдордун пайда болушуна алып келет. Ошондуктан баарыдан мурда кандын нормалдуу айлануусуна тоскоолдорду четтетүү керек.

Оорунун кабылдап кетүүсүнөн сактануу үчүн алдын алуу чараларын такай жүргүзүү зарыл. Оору күчөп кете электе врачка кайрылуу, анын кеңештерин так аткаруу чоң мааниге ээ. Дарылоосу консервативдүү жана хирургиялык түрлөргө бөлүнөт. Консервативдүү дарылоодо оорунун алгачкы мезгилинде же операция жасалбай калганда чоюлгуч бинт менен таңуу же чоюлгуч байпактарды кийип жүрүү керек. Бут эртең менен шишип кете электе таңылат. Жатаарда таңууну чечип, буттарды бир аз бийигирээк коюп жатуу сунуш кылынат. Медициналык дарылоону врач гана жүргүзөт. Веналар өтө кеңейип, чукул өзгөрүлгөн учурда хирургиялык операция жасалат.

Ооруну алдын алууда физкультура, эмгектенүү жана эс алуу режимин туура уюштуруу зор мааниге ээ. Гимнастикалык көнүгүүлөр венада канды токтотпой, анын айлануусун жакшыртат. Бут кетменин тегерете кыймылдатуу, кызыл ашык, жамбаш муундарын бүгүп кайра жазуу, «велосипед тебүү» сыяктуу көнүгүүлөрдү чалкадан жатып жасоо пайдалуу. Андан кийин бир аз басуу жана буттун учуна туруу жана башка көнүгүүлөрдү жасоо максатка ылайык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8