Бул — таар буюму. Мунун жердиги жүндөн болуп, идиштик милдет аткарат. Эндүү курулган өрмөктүн эриши ак менен кара жиптен эле күзүктөлүп, аркак салынган да жөнөкөй согулган. Мындан кара ала кап пайда болгон. Идиш төрт чарчылана бычылып, жээктери кыюуланат. Каптын ооз жагынын эки жагына өрмөктүн эриш жибинин калдыгынан өрүлүп же эшилип жасалган эки кулакчыны тагылат. Мунун бирөөнө чыйрак чыйратылган буугуч жип байланат.

Каптын чаканын дорбо деп атайт. Ал ат үстүнө өңөрүүгө, атка жая же арта салууга ылайыктуу. Буюмдун өтө ичтүүсүн зумбол деп атайт. Ал эгинди төөгө жана башка күч унаага теңдеп жүктөөгө оңтойлошкон.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)