Капка-Таш көлү
Капка-Таш көлү – Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш тармактары – Кеңкол менен Такталыктын аралыгында жайгашкан. Токтогул районунун аймагында. Аянты 0,96 км2, суунун көлөмү 2,6 млн м3. Эң терең жери 50 м. Капка-Таш өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 2305 м бийикте жатат. Тунуктугу 3 м. Көлгө 7 өзөн куюп, андан агып чыккан суу Кара-Суу көлүн толуктап турат. Бөгөт көл түрүнө кирет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9