Капчыгай уран кени - Ысык-Көл обулусунда, Күнгөй Алатоонун батыш жак учунун түш. капталында.

Кенде минералдашкан эки зона бар. Биринчи зонада эки руда тулкусу аныкталган. Алар кварцанкрит тарамдарында топтолгон. Уз. 60 м, урандын өлчөмү аз сандан 0,024%ке чейин, экинчисинин уз. 50 м, андагы урандын өлчөмү–0,038%. Экинчи минералдашкан зона биринчиге жарыш жатып, андагы руда тулкусунун уз. 65 м, калыңдыгы 1–2 м, урандын орточо өлчөмү 0,054%.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2