Капчыгай өрөөнүТүштүк Теңир-Тоодогу кууш өрөөн. Түштүгүнөн Алайкуу, Академик Адышев кырка тоолору, түндүгүнөн Фергана тоо тизмеги менен чектешет. Кара-Кулжа районунун аймагында. Узундугу 80 км. Таманы деңиз деңгээлинен 1200—2000 м бийикте. Кууш капчыгайлуу, кокту-колоттуу; Фергана тоо тизмеги тарабы жантайыңкы, Алайкуу жагы тик. Негизинен палеозойдун сланец, алевролит, кум-шагыл, конгломерат, акиташ тектеринен түзүлгөн. Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 15оС), кышы суук, ызгаардуу (январдыкы – 16оС). Өрөөн аркылуу Tap cyycy агып өтөт. Негизинен талаа (1300–1600 м), токойлуу талаа (1600–1900 м), токойлуу шалбаа (1900–2500 м) ландшафттары мүнөздүү. Дыйканчылыкта пайдаланылат. Өрөөндө жайыт, чабынды жерлер да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү