Карабекова Зейнеп (27. 10. 1936-ж. туулган, 8-Март кыштагы) - Республикага эмгек сиңирген мугалим, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн өзгөчө пенсиянын ээси.

Фрунзе шаарындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн (1957). Эмгек жолун 1957-ж. Суусамыр орто мектебинде мугалим болуп баштаган. 1957-жылдан 1994-жылга чейин 37 жыл бир мектепте талыкпай эмгектенген. Ал 1966-ж. «Ардак Белгиси» ордени жана Эл агартуу министрликтин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1978-ж. СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Суусамыр кыштагындагы 3 кабаттуу мектептин курулушунун демилгечилеринин бири. Учурда ардактуу эс алууда. Жаныш уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9