Карабел ТоосуТүркстан тоосунун түндүк тармагы. Баткен районунун аймагында, Кишемиш (Исфара) суусунун алабында түштүктөн түндүккө карай 23 чакырымга созулуп жатат. Туурасы 5–7 чакырым Орточо бийиктиги 3800–4500 м. Эң бийик жери 5398 м (Боец чокусу).

Тоонун кыр бөлүгүндө байыркы мөңгүнүн издери сакталган; азыркы мөңгүлөр (Кишемиш мөңгүсү) да кеңири аймакты ээлейт. Капталдары (батыш жана чыгыш) өтө тик, аска-зоокалуу. Силур, девон мезгилдеринин кумдук, сланец, доломит жана мраморлуу акиташ тектеринен турат. Тоонун түндүк бөлүгүндө нивалдык-гляциалдык, субнивалдык суук чөл алкактары басымдуу; түштүгүнө жапалак арчалуу субальп талаа жана альп шалбаалуу талаа алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү