Караважо Меризи да Караважо Микеланжело (28. 9. 1573- 18. 7. 1610) - италиянын живописчиси.

1584-ж. Миланда С. Петерцанодон таалим алган. Алгачкы жанрдык картиналары («Төлгөчү аял», Лувр; «Лютначы», 1595, Эрмитаж), диний жана мифологиялык композициялары («Вакх», Уффици; «Магдалина», Дориа гал., Рим), «Жемиш салынган чабыра» натюрморту (Амброзиана гал., Милан) терең демократтык реализми, тактыгы жана композициясынын пластикалуулугу менен көңүлдү бурган.

Ыйык Матфей өмүрүнөн алынган полотно циклинде (1597- 1600, Сан-Луижиден Франчези чиркөөсү, Рим), «Табытка салуу» (1604, Ватикан, Рим) сүрөтүндө жөнөкөйлүккө жана күчтүү драматизмгө жетишкен.

Караважонун чыгармалары чечкиндүүлүгү, жаратылыштан үйрөнүүгө чакырган ынтызарлыгы менен 17-кылымда европанын сүрөт өнөрүндө реалисттик багытка жол ачып, анын новаторлугу кийинки муунга зор таасир тийгизген.

Италия ж. б. өлкөлөрдө анын көптөгөн жолдоочулары («караважисттер») болгон.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.