Милан – Түндүк Италиядагы шаар. Падан түздүгүндө жайгашкан. Милан провинциясынын жана Ломбардия областынын административдик борбору. Өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий очогу. Калкы 1,35 млн (2012; агломерациясы менен 3,7 млн). Альп тоолору аркылуу өткөн ашууга кетүүчү жолдогу темир жана автомобиль жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По дарыясы менен туташат. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Машина куруу (анын ичинде автомобиль, станок, электр-техникалык), металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, жеңил, тамак-аш жана полиграфиялык өнөр жай ишканалары өнүккөн. Географиялык журналдар, карта жана атластар да чыгарылат. Миланда Италиянын ири компанияларынын башкармалыктары, биржа жана банктары жайгашкан. Асем искусство, Илим жана адабият академиялары, университеттер, «Ла Скала» (дүйнөлүк опера маданиятынын ири очогу), «Пикколо-театро» опера театры, Брера пинакотекасы жана Амброзиана галереясы ж. б. музейлер бар.

Отурукташкан жай
Милан шаары
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө [[ Италия]]
Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Сандык идентификаторлор

Шаар биздин заманга чейинки 5-кылымдын аягында же 4-кылымдын башында инсубрлар тарабынан негизделген. Биздин заманга чейинки 3-кылымда римдиктер басып алган. 1395–1535-жылдары герцогдуктун (мезгил-мезгили менен), 1815–59-жылдары Ломбардино-Венеция королдугунун борбору. Сант-Амброжо чиркөөсү (9–15-кылым), готика стилиндеги собор (14–19-кылым), Кастелло Сфорцеско сепили (учурда музей; 1450), Санта-Мария делле Грацие кечилканасы (15-кылым) сакталган. Миландa жыл сайын эл аралык жармаңкелер өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү