Сүйүн Караевич Караев (20.3.1925 – 16.05.2018) - өзбекстандык илимпоз, теги - жызактык кыргыз, Борбордук Азия топонимиясы боюнча ири адис, география илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, эл аралык Ч.Айтматов академиясынын мүчөсү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутук университетинин ардактуу профессору.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Сүйүн Караев - Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу айылда туулган. Ата-теги өзбекстандык кыргыздар. Атасы Кара Сарыбаев өзү жизактык тоолуу кыргыздардын молдосу болгон. Кара Сарыбаев сталиндик доордо колхоздун башкармасы кезинде жалган жеринен камалып, абакка кесилген учур да болду.

Борбордук Азия мамлекеттик университетинде (азыр - Мырза Улугбек атындагы Улуттук университет) география факультетинде таалим алган.

Кыйла жылдар Өзбекстан ИАсынын Тил жана адабият институтунда эмгектенген.

Учурда - Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик кадастрынын Геодезия жана картография улуттук борборунун башкы адиси болуп эмгектенет.

Өзбекстандагы ири топонимист, ономаст адистердин бири.

Кыргызстанга бир нече ирет келип, илимий жыйындарга, кыргыз диаспорасынын өкүлү катары айрым Бүткүл дүйнөлүк кыргыздар курултайларына (1992, 2002) катышкан.

Ал 2018-жылы 16-майда Ташкент шаарында каза болгон.

Илимий эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

Сүйүн Караев 500дөн ашуун ар кыл макалалар, 20дан ашуун ар кыл китеп, брошюралар жарыялаган.

Бир нече окуу китепти өзбекчеге жана кыргызчага которгон.

Ал Чыңгыз Айтматовдун "Кассандра тамгасы" чыгармасын кыргызчадан өзбекчеге которгон (2001).

С. Караев топонимия боюнча илимий диссертациясын коргоп, география илимдеринин доктору илимий даражасын алган.

1979 - «Толковый словарь географических терминов». Автордош.

1989 - «Русско-узбекский словарь географических названий СССР». Автордош.

2001 - «Основные правила написания географических названий Республики Узбекистан» (Өзбгеокадастр үчүн).

2001 - «Словарь терминов и других слов, образующих географические названия Узбекистана».

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү