Караколдогу №1 орто мектеби

Каракол шаарындагы №1 орто мектеп 1961 - жылдан бери англис тилин терендетип окушат. Ал эми 2000чи жылдан баштап немец тилин терендетип окутуу биринчи класстан тартып киргизилген. 2008 жылы мектеп партнёр катары Германия Федеративдик Республикасынын проектини кабыл алынган. Бул «Келечектеги Партнерлор Мектеби» проектинде дүйнө жүзүндө чет окуучулардын немец тили өздөштүрүү боюнча миң мектеп бар ошонун берине №1 мектеп да кирет. Мектептин имараты 1989-ж. курулган. Үч кабаттуу жаны мектеп 1176 окуучуга ылайыкталган. Окуу кабинеттеринен сырткары мектепки спортзал, 180 орунду актовый зал, ашкана бар. Мектеп 2 сменада окуйт. Азыркы учурда мектепте 1710 окуучу окуйт, окуу 2 тилде; орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мектепте 99 мугалим эмгектенет. 2008-2009 окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мектеп эң жакшы ийгиликтерге жетишкен. Мектеп окуучулары шаардык, областык, республикалык олимпиадарга баардык предметтерден катышышат. Окуучулар да жана мугалимдер да шаардык, областык республикалык масштабта өткөрүлгөн иш чараларга активдүү катышат. 2008-2009 окуу жылында өткөрүлгөн республикалык олимпиадаларын жыйытыктыгы боюнча мыкты жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин атынан диплом жана оргтехника менен сыйланган. Көп жылдардын жыйынтыгы боюнча областагы «Эн мыкты мектеп» деген намга ээ болгон.2008-2009 окуу жылынын жыйынтыгы боюнча «Эн мыкты шаардык мектеп-2009» деген наамга ээ болгон, диплом жана гранпри, 100000 сомдук сертификат жана видео проектор менен сыйланган. Бул ийгиликтер мугалимдердин жана окуучулардын биргелишип талыкпай эмгектешкенин натыйжасында келип чыккан. 1996-ж. баштап мектептин 11 мугалими, 62 окуучусу ар кандай программалар менен бир жылдык окууга АКШга жана Германияга барып келишкен. Мектеп материалдык жана техникалык базасын өнүктүрүү боюнча проектинин үстүндө тынымсыз иштеп ар кандай эл аралык уюмдардан; Фонддордон гранттарды алып турат. 2006-2008 окуу жылында мектептин мугалимдери «Айылдык билим берүү» проектисинде активдүү катышкан. «Айылдык билим берүү» проектисинде 79 мугалим катышып анын ичинен 58 мугалим аттестациядан өтүшкөн, азыркы учурда проектин иштеши уланып жатышат. Мектептин бүтүрүүчүлөрү республикабыздын жана ар кайсы чет өлкөлөрдүн: Россия, Казахстан, Германия, Түркия, Кытай, АКШ, Малазиянын жогорку окуу жайларынан билим алышат. Мектептин жана педагогикалык коллективдин максаты: «Жакшы билимге ээ болгон, заманбап коомдо натыйжалуу эмгектенүүгө шыктуу, Кыргызстан Республикасынын маданиятын жана каада- салтын терен урматтаган бутуруучулорду тарбиялоо».