Каракчылык – пайда көрүү максатындаж жеке менчик, коомдук мүлктөргө кол салуу, зордоп ээлеп алуу. Каракчылык негизинен өмүр, саламаттыкка коркунуч келтире турган зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу аныкталат. Каракчылыктын объектиси болуп жабырлануучунун менчиги; кошумча объектиси болсо анын саламаттыгы; ал эми кылмыш предмети катары бирөөнүн мүлкү эсептелинет. Каракчылык атайылап, тике ниетте жасалышы менен мүнөздөлөт. Мындай кылмышты квалификациялоодо айыпталуучунун күнөөсү гана эмес, кылмыштын жүйөсү да такталышы зарыл. 14 жашка толгон акыл-эси соо адам гана каракчылыктын субъектиси болуп эсептелинет. Алдын-ала бүтүм кылынбай же бүтүм боюнча да бир нече жолу турак жай, имарат жана башка сактоочу жайга кирүү, курал же курал катарында пайдаланылган нерселерди колдонуу, мурда уурулук жасоо, опузалоо жана бандиттик үчүн соттолуп, ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу максатында жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү м-н уюмдашкан топ жасаган кылмыш К-тын оордотуучу жана өтө оордотуучу белгилери болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5