Каратепе ТоосуАлай кырка тоосунун түштүк тармагы. Алай өрөөнүнүн түндүгүндө, Талдык жана Кызылсуу сууларынын аралыгында (Сарыташ кыштагынын батышынан)кендик багытта 23-25 кмге созулуп жатат. Туурасы 5-6 км. Орточо бийиктиги 3300-3500 м, эң бийик жери 3794 м. Тоонун жону негизинен түзөң,аскалар батышында жана чыгышында гана кездешет. Түндүк капталы тик, түштүгүндө Алай өрөөнүн карай жантайып түшөт. Силурдун сланец, кумдук, акиташ теги конгломерат жана башка тектеринен турат. Бийик тоолу таала жана субальп,альп шалбалуу талаа ландшафты басымдуу. Жайыт.