Карачунак Шылдыр уулу. Карачунак Шылдыр уулу Кичи – Кеминде ( Жол – Булакта ) 19 – кылымдын 60 – жылдарынын тегерегинде төрөлөт. Уруусу мурунку сарбагыш, анын ичинен чечей. Өлгөн жылы жөнүндө да так маалымат жок. Айрым материалдарга караганда куудул Совет бийлигинин мезгилинде жашап калат. Анткени анын айыл активдерин коркуткандыгы жөнүндө чакан материал сакталган. Бул окуя 20 – жылдары өтөт. Совет бийлигинин кыргыз жергесинде орношу менен жарды – жалчылардын арасынан өкмөт башчылары чыгып, тап душмандарына, бай – манаптарга аёосуз күрөш ачып, эски менен жаңынын карама – каршылыгы күчөп турган мезгил. Совет бийлигин чыңдоого зор дилгирлик менен киришкен айыл активдеринин, жаштардын тайманбастыгы, курчтугу, өткүрлүгү жөнүндө эл арасына улама сөздөр тарайт. Муну Карачунактын кулагы чалып, бир тамаша салмак болуп, алардын келе турган жолун тосуп жатып калат. Түндүн бир оокумунда Кашка – Суудан ( Көк – Ойроктон ) бейкапар бастырып келе жаткан активдердин астынан “ичеги – кардын” (ал малдыкы болот) чубалтып, кепинге оронуп чыга калат. Чочуп кеткен адамдар аттын башын коё беришкенде: “Силер да коркот экенсиңер?” – деп каткыра күлүп өзүн таанытат. (Автор бул окуяны атасы Кебектен уккан). Экинчи бир онформатор (Жетимишбай аксакал, Быстровканын кире беришинде, Кашкалеңде турат) биз менен аңгемелешүүдө Карачунак жөнүндө төмөнкүчө маалыматтарды берди: “Карачунактын куудулдугу Куйручуктан эч кем калышчу эмес. Анын өзүнүн турган турпаты, кебете – кешпири (ырайы суук кара киши эле) эле күлкү чыгарып турчу. Мага кийин көп келип жүрдү. Ал кезде партячейка элем. Карачунактын багы ачылбай жүрөт. Анын чыгармалары көп болсо да, убагында жыйналып алынбагандыктан көбү азыр унутулуп калды. Анын үстүнө менин байкоомо караганда көпчүлүк окуялары Куйручуктуку менен аралашып кеткен. Мындай дешимдин себеби “Үч дүлөйдүн окуясын” Карачунактын өзүнүн айтуусунда жана аткаруусунда бир канча жолу уктум эле. Же болбосо, Карачунактын үч өзбек соодагерди алдашы бул Жол – Булак менен эле Кыз – Күйөөнүн ортосунда болгон окуя. Куудулдун алардан үч таңгак матаны ажыратып алып калып, жетим – жесирлерди кызыл – тазыл кылгандыгы да чындык.
Карачунак Шабдан менен да көп жүргөн экен, казактарга бир канча жолу ээрчип барыптыр, өз алдынча да көп каттачу экен. Кичи – Кемин, Чоң – Кемин өрөөнү казактар менен Көк – Ойрокту бирге эле жайлашчу, анын үстүнө белди аша калса эле казактар эмеспи. Шабдандын үйүндө жүрүп, ага эртели – кеч эрмек болуп, көңүлүн ачкан учуру да болгон дешет. Ошол себептен анын айрым куудулдук окуялары манаптын өзүнө, кадырлуу конокторуна, жан – жөкөрлөрүнө жана аялдарына байланыштуу түзүлгөн. Өзүнүн айтканы боюнча манапты ээрчип (Эрмек болуп келсин деп ала барышат) Меккеге да барып келет. Куйручук Шабданга аз каттаган. Менимче, жөн эле куудулдун чыгармаларын жыйнагандар Карачунакты, анын куудулдук окуяларын, Шабдан менен болгон мамилесин билбегендиктен, анын үстүнө экөө бир мезгилде жашагандыктан, Карачунактын окуяларын Карачунакка ыйгарып жазып коюшса керек. Муну айтуу менен Куйручукка акарат кылайын деген оюм жок. Кукем чоң куудул болгон, аны да көрүп калдым, чоң куудул боюнча кала бермек. Бирок ар кимдикин өзүнө ыйгаруу акыйкат болор.
Карачунактын көп өмүрү Токмок, Кызыл – Күйөө жана Жол – Булактын эле ортосунда өткөн. Ошол себептүү өзбек, дунган соодагерлерине карата түзүлгөн окуялары да көп болучу. Көбү жадымдан чыгып кетиптир.
...Куудул мага 20 – жылдардын аягында да келип жүрдү. Байкоомчо кырчоо тартып алтымыштан ашып калгандай көрүнчү, бирок, баскан – турганы, сүйлөгөнү тың, акыл – эси ордунда болчу, кийин көрбөй калдым”(Автордун өзү жыйнаган материалдарынан). Жогорку пикирди Карачунактын жердеши сексен жаштагы Жунушаалы карыя да ырастайт: “Мен Карачунакты көрүп, окуяларына аралашып калдым. Өзү нымдай кара, олбурлуу киши эле. Эч кимден тайманып коркчу эмес. Ошондон уламбы аны “көкжал”, “эр” деп коюшчу. Карачунактын окуялары алиге чейин эле эл арасында белгилүү. Кээде нааразы да болуп калабыз: өзүбүз уккан, ал эмес көргөн көп окуялары Куйручук куудулдуку катарында китепке кирип жүрөт. Мен да Кукемди көрүп, сөздөрүн угуп калдым, өзү чечен, шайыр киши болчу. Карачунак сөздү көп сүйлөчү эмес. Бирок куудулдугу күчтүү эле. Бир мезгилде эле түркүн түргө түшө калчу: бирде кемпир болуп божурап, бирде келин болуп каткырып, же карыган чалдын кейпин кийип кокуйлап, же жаш балача солуктап жиберчү. Ага карата өңү - түсүн, кыймылын, кебете – кешпирин, үнүн өзгөртүп отургандарды таң калтырып жыкчу.
Карачунактын Шабданды ээрчип, Меккеге баргандыгы чын, эл аны “ажы” деп коюшар эле. “Карачунактын куудулдук окуяларды көп жараткандыгын экинчи информатор да көрсөтөт, аны “чектен чыккан куудул” катарында мүнөздөйт”
Карачунак болжол менен 1860 – 1930 – жылдардын тегерегинде жашап өтөт. Кара таман кедейдин баласы болуп, ата – энесинен эрте ажырап, ар кимдин босогосунда жүрүп бой тартат. Жердештеринин айтуусунда өңүнүн каралыгына чунайган кулагы төп келишип, көргөндө эле күлкү чыгарып турчу экен. Ушундан лам Карачунак аталып калса керек. Карачунак да өзүнүн айла – амалын башка кесиптештери сяктуу эле курсагын тойгузуунун аракетинде баштайт. Чийдин түбүн көтөрүп ийип, түтүк менен сүттүн каймагын соруп жеп, катын – калачты таң калтырат. Эшик да бек бекилет, чыгдан да тартылат. Бирок жогоркудай тири шумдуктуу окуя күн сайын кайталана берет.
Өз өмүрүндө Карачунак куудулдук окуяларды көп жаратса да, толугу менен колго тийген жок. Айрыкча жаш кезиндеги окуялары, куудулдук айла – амалы жөнүндө материалдар жокко эсе. Айыл – ападан каймак – сүт уурдагандыгы кылык – жоруктарынан башка өгөй атасы Карынбайды коркутуп төкөр кылышы, кемпирди алдашы, текебердүү күйөөнү теске салышы сыяктуу айрым гана окуялары белгилүү. Карачунактын чыгармачылыгында орчундуу иштелген теманын бири – байларды шылдыңга алуу. Бул темада бир топ окуяларды (даарат алып жаткан манаптарды коркутушу, сараң байдан эт өндүрүп жеши, бөдөнө уруштурушу, соодагерди “өлтүрүшү”, Карачунактын казак байынын үйүндөгү мейманчылыгы, аттарды жайлашы, Атакан султанды тоношу ж.б.) жаратты. Куудулдарда сөздү оң, терс маанисинде буруп пайдаланып, каршысын жеңип кеткен учурлары көп болот. Бул ыкма Карачунактын чыгармачылыгынан да орун алган.
Пайдаланылган адабият: “Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери” Фр.1988.