Кара-Балта капчыгайыКыргыз Ала-Тоосунун Түндүк капталындагы терең, кууш капчыгай. Жайыл районунун аймагында. Узундугу 50 кмге чейин, туурасы төмөнкү бөлүгүндө 5–8 км, аянты 577 км2. Орточо бийиктиги 3100–3400 м. Капчыгайдын таманы кууш (туурасы 30–150 м), капталы тик, деңиз деңгээлинен 1000–2800 м бийикте. Тепши сымал өрөөндөр 2600–2800 м бийиктен башталып, жабык төрлөр менен бүтөт. Капчыгайдын төмөн жагындагы тереңдиги 300–900 м, ортосунда 1700–2400 м, жогорку бөлүгүндө 800-1000 м. Зоокалары астыңкы жана ортоңку ордовиктин сары-жашыл түстүү алевролит, чополуу сланец, кумдук, мраморлошкон ачык сары акиташ теги, конгломерат жана девондун жанартоо туфтарынан жана башка эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Капчыгай неоген, төртүнчүлүк мезгилдеринде Кыргыз Ала-Тоосунун Түндүк капталынын тектоникалык көтөрүлүүсүнө байланыштуу суунун жерди ургаал жемирип-жешинен пайда болгон. Кара-Балта капчыгайынын капталдарында кургак жылгалар, сайлар, эшилме шагыл менен кум көп. Суу бөлгүчү негизинен байыркы түздүктөрдүн калдыктарынан (пенеплен) турат. Топурак жана өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт. Кылканактуу-дүйүм чөптүү талаа (1000–1600 м), токой-шалбаалуу талаа (1900–2700 м бийикте; мында арча, четин, кайың, тал, бөрү карагат, ит мурун жана башка өсүмдүктөр өсөт), субальп (2700–3100 м) жана альп шалбаасы (3100–3400 м) мүнөздүү. Суу бөлгүчү жана тепши сымал өрөөндөрү жайыт катары пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Бишкек-Ош автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү