Жайыл району - Чүй облусундагы административдик-аймактык бирдик (1993-жылга чейин Калинин району). 1927-жылы уюшулган. Чыгышынан Москва, батышынан Панфилов, түштүгүнөн Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр айыл округу, Нарын облусу, түштүк-батышынан бир аз бөлүгү Талас облусу, түндүгүнөн Казакстан менен чектешет. Аянты 3,2 миң км2. Калкы 90,4 миң (2009), Кара-Балта шаарынын калкын кошкондо. Райондо 1 шаар, 13 айыл округу, 36 кыштак бар. Борбору Кара-Балта шаары. Райондун аймагын негизинен Чүй өрөөнү (деңиз деңгээлинен 500-1000 м бийиктикте) жана Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталы (эң бийик жери 4442 м) жана Суусамыр өрөөнүнүн эл отурукташкан түштүк бөлүгү (2000-2400 м) ээлейт. Жери тоолуу, түздүктүү болуп бөлүнөт. Кен байлыктары: курулуш материалдары, минералдуу булактар. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы Чүй өрөөнүндө -7,7°С, июлда 23,5°С, Суусамырда январдыкы -22,3°С, июлдуку 13,5°С. Жылдык жаан-чачыны өрөөндө 430 мм, тоолордо 600-800 ммге, Суусамыр өрөөнүндө 376 ммге чейин. Ири суулары: Чүй, Кара-Балта, Суусамыр, Батыш Каракол. Капчыгайларындагы суу жээктеринде бөрү карагат, чычырканак, ит мурун, тал, байтерек жана башкалардан турган бадалдуу токой, тоо капталдарында арча кездешет. Айдоо аянтына айлана элек айрым жерлеринде бетеге, шыбак өсөт. Өрөөндөрдө боз, тоо капталдарында кара күрөң жана кара, Суусамыр өрөнүндө коңур топурактар басымдуу. Райондо жашаган калктын 44,5%и шаарда (Кара-Балтада), калган 55,5%и айыл-кыштактарда жашайт. Жалпы калктын 47,4%ин эркектер, 56,2%ин аялдар түзөт. Негизинен кыргыз (48,3%), орус (38,9%), ошондой эле украин (5,6%), казак (2,2%), корей (1,9%), немис (1,9%) жана башка улуттар жашайт. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 29 адам (облуста 37) туура келет. Жалпы калктын 30,5%и (28,7 миң) 16 жашка чейинки жаштар, 15,5%и (24,6 миң) эмгек жашынан өткөндөр, 54,0%и (50,8 миң) эмгек курагындагылар. Эмгек курагындагылардын 32,6%ы айыл чарбада, 20,1%ы өнөр жайда, 10,9%ы соодада, 4,3%ы транспорт жана байланышта, 3,9%ы курулушта, 11,9%ы саламаттык сактоодо жана билим берүүдө жана башка тармактарда эмгектенет.

Жайыл району
район
Жайыл району
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй
Seat Кара-Балта
Time zone GMT +5 (UTC+5)

Курамы түзөтүү

Райондук маанидеги шаарлар:

Райондо 12 айыл аймагы бар[1]:


Жайыл районундагы калкконуштардын картасы (Суусамыр айылдык аймагы)

Өндүрүшү түзөтүү

Жайыл району республикадагы өнөр жайы өнүккөн региондун бири. Уран жана алтын концентраттарын тазалоочу, кант, ун, нан, сүт, консерва, электр-техникалык буюмдар, спирт, кийим тигүү жана башка өнөр жай продукцияларын чыгаруучу ишканалары бар. Өнөр жай ишканалары негизинен Кара-Балта шаарында жайгашкан. Алар: «Кыргызалтын» Акционердик Коомунун «Афинаж өндүрүү» филиалы (2006-жылы 9025,8 млн сомдук продукция өндүргөн), «Кара-Балта спирт заводу» мамл. ишканасы (217,0 млн сом), «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АК (124,8 млн сом), «Кара-Балта СЭЗ» (64,5 млн сом), «Кара-Балта арагы» (42,1 млн сом), «Кара-Балта килем» (4,5 млн сом) ЖЧКлары «Кара-Балта нан заводу» АК (2,8 млн сом) жана башкалар. Райондо 2005-жылы 10,0 млрд сомдук (облустун 55,9%) өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.

Айыл чарба түзөтүү

Айыл чарбага жарактуу 231,9 миң га жердин (облустагы айыл чарбага жарактуу жердин 17,5%ы) 80 миң гасы айдоо аянты (18,8%), анын ичинен сугат жери 38,2 миң га (13,8%), кайрак жери 41,5 миң га (28,3%), көп жылдык бак-дарак аянты 0,9 миң га (11,3%), чабынды 1,2 миң га, жайыт 149,8 миң га (облустагы жайыттардын 17,2%и). Айдоо жерлерге дан эгиндери, тех. өсүмдүктөр кант кызылча, көк чай чөп, ажгон, тоют өсүмдүктөрү, картөшкө жана бакча өсүмдүктөрү эгилет. 2005-жылы 23,0 миң уй, 55,0 миң кой-эчки, 7,0 миң жылкы, 14,9 миң чочко, 19,0 миң үй кушу болгон. Райондо 2006-ж. 10,1 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 32,3 миң т чийки сүт, 8,9 млн даана жумуртка, 145 т жүн өндүрүлүп, 99,7 миң т дан эгиндери жана дан-буурчак, 21,6 миң т картөшкө, 24,0 миң т жашылча 24,8 миң т кант кызылча жана 2,8 миң т мөмө-жемиш жыйналган. Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар-Бишкек-Балыкчы темир жана автомобиль жолдору, ошондой эле Бишкек-Ош (Төө-Ашуу тешкен тоосу аркылуу) автомобиль жолу өтөт. Райондо автомобиль транспорту менен 2006-жылы 1,0 млн т жүк ташылып, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 147,4 млн жүргүнчү-километрге жеткен. Райондо калкка көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдүн жалпы көлөмү 368,7 млн сомду түзгөн (облустукунун 14,2%ы).

Билим берүү түзөтүү

Райондо жалпы билим берүүчү 25 мектеп (16 орто, 5 толук эмес орто, 4 башталгыч мектеп), 32 китепкана, 25 клуб жана маданият үйлөрү иштеген. Калктын саламаттыгын сактоодо 599 орундуу 3 оорукана, 11 айылдык дарыгерлер бөлүмү (участкалар) иштеп, 248 дарыгер, 854 медициналык орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Райондо 10 миң адамга 24,8 дарыгер, 60 койка-орун туура келет. «Жаңы мезгил» («Новое время») гезити кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.

Туризм түзөтүү

Райондун чегинде туризмди өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар. 6-15 кылымга таандык тарыхый Шиш-Дөбө шаар чалдыбары, жаратылышы кооз Кара-Балта капчыгайы, Бишкек Ош жолундагы Суусамыр жайлоосу, кыргыз элине белгилүү балбан Кожомкул Каба уулунун (1888-1955) үй-музейи жана башка объектилердин рекреациялык мааниси зор.

Булактар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5