Кара-Буура суусуТалас дарыясынын сол куймасы. Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунун аймагы менен агат. Узундугу 64 км, алабынын аянты 797 км2. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн Түндүк капталынан башталат. Алабынын деңиз деңгээлинен Орточо бийиктиги 2570 м, анда жалпы аянты 8 км2дей болгон майда мөңгүлөр жайгашкан. Жалпы узундугу 470 км келген 193 куймасы бар; ирилери: Тайты, Шилбили-Сай. Куймалар өзүнчө тармакталган суулардын катарына кирет: Тайтынын жалпы узундугу 27 км келген 21 куймасы, Шилбили-Сайдын 113 км келген 32 куймасы бар; Кууганды – 10 км, Кайыңды – 14 км, Сагызганды – 12 км, Кой-Булак – 13 км. Чатынан 15 км жогору Кара-Буурага оң тараптан суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 4,0 м3/сек болгон Сайбай каналы кошулат. Май – октябрда кирип, ноябрь – апрелде тартылат. Суусу мол, июлдун Орточо чыгымы 11 м3/сек, суусу тартыш, февраль — апрелде 1,20 м3/сек. Эң көп чыгымы 52 м3/секга жетет. Сугатка пайдаланылат. Кара-Буурадан суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 5,95 м3/сек келген 8 сугат каналы чыгарылган. Өрөөнүндө Кызыл-Адыр, Чоң Кара-Буура кыштагы жайгашкан.

Кара-Буура суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 64 км
бассейндин аянты 797 км²
Суу агымы
Аягы Талас дарыясы
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Талас облусу
Район Кара-Буура району, Бакай-Ата району

Колдонулган адабияттар түзөтүү