Кара-Кой мөңгүсүКичи Алай кырка тоосунун Түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Араван-Сай суусунун алабында. Узундугу 7,2 км, аянты 4,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Абляциясынын аянты 3,5 км2. «Тили» морена чөкмөлөрү менен туташ капталган. Мөңгүдөн Кыргыз-Атанын башаты – Кара-Кой суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү