Кара-Күнгөй
Кара-Күнгөй — топоним. Кытай-калмактар басып алган ата журтун бошотуу үчүн Алтайдан Манас баш болуп аттанып чыккан кыргыздардын Мунаркан баштаган колу Кочкор өрөөнүн башкарган калмак жаң-жуңу Арсы менен беттешип, анын аскерин талкалаган жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 514—520-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы аймак, тоо жана өзөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4