Кара-Көл, ПамирПамирдеги ири көл, Тажикстанда. Аянты 380 км2, узундугу 33 км. Бийик кырка тоолор менен курчалган, деңиз деңгээлинен 4000 м бийиктикте жайгашкан ойдуңдан орун алган. Эки кууш кысык менен туташкан 2 бөлүктөн турат. Тереңдиги батыш бөлүгүндө 238 мге, чыгышында 35 мге чейин. Суусу мала туздуу, тунуктугу 9 мге чейин. Ноябрдын аягынан апрелге чейин муз каптайт. Суусунун жайкы температурасы 12°Сге чейин. Кара-Көл суу агып чыкпаган туюк көл. Ага куйган суулардын эң ирилери – Кара-Жылга, Муз-Кол.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү