Кара-Суу суусуНарындын сол куймасы. Узундугу 89 км, алабынын аянты 1080 км2.

Фергана тоо тизмегинин түндүк капталындагы Кап-Каташ жана Кара-Суу көлдөрүнөн башталат. Жогорку агымы Капка-Таш аталып, өрөөнү кууш. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңеет да, Нарынга сол жактан куят.

Жылдык орточо чыгымы 10,4 м3/сек. Көп чыгымы июнда, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат.

Ири куй малары : Кайыңды-Суу ( 32 км), Жаңгакты (15 км), Шылдырак (13 км) жана Карабагыш (12 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каракол шаары жайгашкан.

Адабият түзөтүү