Кара-Таш айыл аймагы- Ош областынын Ноокат районунда, деӊиз деӊгээлинен 1300 чакырым бийиктикте  жайгашкан тоолуу аймак. . Айыл аймагы катары 1996-жылы калыптанган. Кара-Таш, Чечме-Сай жанат Нойгут айылдарынан турат.Жалпы аянты 80,11 чакырым километр.Чыгыштан Кыргыз-Ата, түндүктөн А. Мирмахмудов атындагы айыл аймактары, Ноокат шаары, батыштан Жаӊы-Ноокат айыл аймактары менен чектешет. Айыл аймагында негизинен дыйканчылык жана мал чарбасы өнүккөн.Андан сырткары бул аймакта өстүрүлгөн алма бактарынын мөмөлөрү өзгөчө бааланат. Айыл аймагын аралап өткөн Кыргыз-Ата каналы айыл аймагынын дыйкандарын сугат суу менен камсыздайт.

Айыл аймагынын өсүп- өнүгүү жолу бул аймакта жашаган калктын алгачкы отурукташуу мезгилинен эле башталат. Октябрь революциясына чейин азыркы аймакта тоо кыркаларын бойлоп, каӊды, тейит, баргы, кара-кесек,кызыл-аяк, найман жана башка уруулар жердеп келишкен.1930-жылы коллективдештирүү мезгилинде Беш-Бадам айылдык кеӊеши түзүлгөн.Кийинчерээк Чечме-Сай, Калинин, Нойгут колхоздору уюштурулган.1963-жылы майда колхоздор ирилештирилгенде Калинин, Чечме-Сай колхоздору Чапаев атындагы колхозго, ал эми Нойгут колхозу Фрунзе атындагы колхозуна бириктирилген. 1990-жылы Чечме-Сай колхозу кайрадан уюштурулган.1996-жылы өлкөбүздө жер реформасы жүргөн мезгилде Кара-Таш айыл өкмөтү түзүлгөн.

Эӊ алгачкы радио түйүнү 1961-жылы, электр энергиясы 1966-жылы келсе, 1972-жылы суу түтүктөрү орнотулган. Айыл аймагындагы М. И. Калинин (азыркы А. Мамыров) атындагы орто мектеби 1965-жылы, К. Жунусов атындагы орто мектеби 1984-жылы пайдаланууга берилген.Совет доорунда эмгегинен баар тапкан саанчылардан Мастан Сейдалиева, Сажира Мамытова, тамекичилерден Саадат Бегматова, Бүажар Саматова Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланышкан.Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишип, өз алдынча мамлекет болгондон кийин айыл аймагынын чыгаан уулдары Айтибай Тагаев, Төрөбай Зулпукааров Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешине депутат болушту.

Айыл аймагында өлкөбүздө гана эмес,  Орто-Азияга таанымал болгон Жумабай Аманов балбан, улакчы жашап өткөн.Белгилүү жазуучулар  Мырза Гапаров, Камчы Жунусов,Санжар Таалайбек уулу чыккан