Кара-Шалта, Сокулук району
Кара-Шалта, Сокулук району – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Күн-Туу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 918 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол станциясынан 13 км. Калкы 1008 (2004); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9