Кара-Үңкүр капчыгайы
Кара-Үңкүр капчыгайы — Ички Теңир-Тоодо. Нарын районунун аймагында. Долон ашуусунун чыгышын Оттук суусу кесип өткөн жерден Кара-Үңкүр капчыгайы орун алган. Узундугу 35 км, ортоңку бөлүгү жазы, кууш жери 100–200 м. Эң жазы жеринде Кара-Үңкүр кыштагы жайгашкан. Оттук суусунун өрөөнү деңиз деңгээлинен 2450–3000 м бийиктикте. Капчыгай палеозойдун сланец, акиташ теги, конгломерат тектеринен турат, V сымал. Капчыгай аркылуу Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9