Долон ашуусу (Dolon) - Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу тоолуу аймакта жайгашкан ашуу. Ал Бишкек-Торугарт багытында автоунаа өтчү негизги канжолдун таманында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3000 метрдей бийик (бул бел 2014-жылдын күз айларына чейин дээрлик 3030 метр бийик болчу, жолду оңдоо иш-аракетинин натыйжасында кыйла жапыздатылып казылды).

Долон ашуусу (2014-жылдын башына чейинки көрүнүшү).

Жалпы маалымат түзөтүү

Ички Теңир-Тоодо Байдулу жана Соң-Көл тоолорунун кесилишинде жайгашкан.

Сарыбулак жана Кичи-Кара-Кужур сууларынын алабын бөлүп турат.

Бийиктиги 3000 (мурда 3030) м. Айланасындагы чокулар ашуудан 200—300 м көтөрүңкү. Ашуудан өткөн жолдун рельефи анча татаал эмес. 1970-жылдарга чейин эски ашуу кыйла татаал жана опурталдуу болгон.

Сары-Булактын өрөөнү жак капталы жантайыңкы, Кичи-Каракужур капчыгайына тик түшөт.

Тоолор негизинен ортоңку жана үстүнкү девондун кызыл түстүү кум, шагыл, сланец,акиташ теги жана үстүнкү карбондун трахит, базальт, дацит-липариттүү порфирит,туф тектеринен турат.

Айланасынын табияты кооз. Ашуу аркылуу эл аралык БишкекТоругарт - Улуучат - Кашкар унаа жолу өтөт. Канжолодун басымдуу бөлүгү асфальтталган.

Долонго арналган чыгармалар түзөтүү

Долон ашуусуна арналган фольклордук чыгармалар арбын.

Жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов ж.б., акындар Эсенгул Ибраев, Асан Жакшылыков, Эсентур Кылычев, Жолдошбек Бусурманкулов, ж.б. бул ашуу тууралуу ырлар жазышкан.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.
  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү