"Кара буудайдагы тосуучу" (англ. The Catcher in the Rye) –– Жером Дэвид Сэлинжердин 1951-жылдагы романы. Карама-каршылыктуу роман башында чоң кишилер үчүн басылып чыгарылган болсо да ал бойго жетүү мезигилиндеги кыжырдануу жана обочолонуу темалары менен өспүрүм окурмандардын арасында популярдуу болгон. Ошондон кийин ал дүйнөнүн негизги тилдеринин дээрлик баарына которулган. Ар жылы 1 миллиондой нускасы сатылып, жалпы жонунан 65 миллиондон ашык китеп сатыкка чыккан. Романдын башкы каарманы Холден Колфилд өспүрүм төңкөрүшүнүн символу болуп калган. Ошондой эле роман күнөөсүздүк, өздүк, таандык, жоготуу жана байланыш темаларын дагы козгойт.

Чыгарма Time журналынын 1923-жылдан бери жазылган "100 мыкты англис тилиндеги романдардын" тизмесине кирип, Modern Library басмаканасы жана анын окурмандары тарабынан "20-кылымдагы англис тилиндеги эң мыкты романдардын" бири аталган. 2003-жылы ал Би-Би-Синин "Эң көп окулган китептер" сурамжылоосунда 15-катарга жайгашкан.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү