Жером Дэвид Сэлинжер (англ. Jerome David Salinger; 1919-жыл 1-январь — 2010-жыл 27-январь) — "Кара буудайдагы тосуучу" (англ. The Catcher in the Rye) аттуу көпчүлүккө белгилүү романы менен таанымал болгон америкалык жазуучу. Аңгемелери жана "Кара буудайдагы тосуучу" чыгармасы жарык көргөндөн кийин алгачкы ийгилигинин артынан Сэлинжер жарым кылымдан ашуун убакытка чейин өтө купуя жеке жашоону баштан өткөргөн. Ал өзүнүн акыркы эмгегин 1965-жылы жарыкка чыгарып, акыркы маегин 1980-жылы курган.

Ж. Д. Сэлинжер (1961).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Сэлинжер Манхэттенде чоңоюп өсүп, орто мектепте окуп жүргөндө эле кыскача аңгемелерди жаза баштаган. Ал Экинчи дүйнөлүк согушта кызмат өтөй баштаганга чейин бир нече эмгеги 1940-жылдардын башында Story журналына чыккан. Сынчылардын алкоосуна татыган "Банан балыкка чыгуу күнү" (англ. A Perfect Day for Bananafish) 1948-жылы The New Yorker журналында пайда болгон. Бул журнал анын кийинчерээк жарык көргөн чыгармаларына башпаанек болуп калган.

1951-жылы анын "Кара буудайдагы тосуучу" романы заматта элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Башкы каарман Холден Колфилд аркылуу өспүрүмдөрдүн обочолонушун жана алгачкы жыныстык катнашты сүрөттөөсү өзгөчө өспүрүм окурмандардын арасында таасирдүү болгон. Роман көп окулуп, талаш-тартыш жараткан чыгарма бойдон калууда. Ал жыл сайын 250,000 нускада сатылат.

"Кара буудайдагы тосуучудын" ийгилиги коомдун көңүлүн буруп, көзөмөлдүн күчөшүнө алып келген. Сэлинжер обочолонуп, жаңы чыгармаларды азыраак жазып калган. Ал "Кара буудайдагы тосуучудын" артынан "Тогуз аңгеме" (англ. Nine Stories, 1953) аттуу кыскача аңгемелер жыйнагын, бир новелла менен бир аңгемени камтыган "Фрэнни жана Зуини" (англ. Franny and Zooey, 1961), ошондой эле эки новелланы камтыган бир томдук "Чатырустунду бийик көтөргүлө, жыгач усталар менен Сеймур: Киришүүнү" (англ. Raise High the Roof Beam, Carpenters and Seymour: An Introduction, 1963) жазган. Анын акыркы жазган эмгеги "Хэпворттогу 16-күн, 1924" (англ. Hapworth 16, 1924) аттуу новелласы 1965-жылдын 19-июнунда The New Yorker журналында жарык көргөн.

Андан кийин Сэлинжер көңүлдөнбөгөн мамилелер, анын ичинде 1980-жылдарда өмүр баян жазуучу Аян Хэмилтон менен болгон юридикалык тирешүү жана эки жакын адамы, мурдагы сүйгөнү Жойс Майнард менен кызы Маргарет Сэлинжер тарабынан 1990-жылдардын аягында жазылган эскерүүлөрдүн чыгышы менен күрөшкөн. 1996-жылы кичинекей басмакана Сэлинжер менен "Хэпворттогу 16-күн, 1924" чыгармасын китеп түрүндө басып чыгараары тууралуу келишим түзүлгөнүн жар салганы менен ал коомчулук алдында жарык көрөөрдө белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал 2009-жылдын июнь айында ал "Кара буудайдагы тосуучу" чыгармасындагы бир каарманды башка бир жазуучу колдонду деп, автордук укукту коргоо максатында доо арыз берүү менен дүйнө жүзү боюнча жаңылыктардын башкы темасына айланган. Сэлинжер 2010-жылдын 27-январында табигый себептерден улам Нью Гэмпширдин Корниш жергесиндеги өз үйүндө көз жумган. 2013-жылдын ноябрында Сэлинжердин басылып чыгарылбаган үч аңгемеси кыскача интернетке жайгаштырылган. Аңгемелердин бири, "Боулиң тобуна толгон океан" (англ. The Ocean Full of Bowling Balls) чыгармасы "Кара буудайдагы тосуучудын" уландысы деп айтылып келет.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү