"Кара кийимчен кишилер 2" (англ. Men in Black II, орус. Люди в чёрном 2) (MIIB деген ат менен белгилүү) 2002-жылы чыккан америкалык илимий-фантастикалык уруш комедиясы. Тасмага катышкандар: Томми Ли Жонс, Уилл Смит, Лара Флинн Бойл, Жонни Ноксвилл, Розарио Доусон, Тони Шалхоуб жана Рип Торн. Тасма 1997-жылы чыккан "Кара кийимчен кишилер" тасмасынын уландысы жана бул тасманын уландысы "Кара кийимчен кишилер 3" деген ат менен 2012-жылы жарык көргөн. Тасма Лоуэлл Каннингамдын "Malibu", "Marvel" басмаканалары чыгарган "Кара кийимчен кишилер" аттуу сериялуу комикс китебине негизделген. Тасмага жарым-жартылай негизделген видео оюн 2002-жылы "Кара кийимчен кишилер II: Чоочундун качышы" деген ат менен чыккан.

Дэвид Коепптин (Спайдер мэнде иштеп кеткен) демилгеси менен башталган сценарийди Роберт Гордон жазган жана Бэрри Фэнэро Гордон кошкусу келбеген поп маданиятын кошуп, сценарийди оңдоп-түзөп чыккан. Сонненфелд Уилл Смит жана Розарио Доусон аткарган каармандардын ортосундагы сүйүүнүн баса белгиленишин "Жапайы Батыш тасмаларынан көрүүчүлөрдүн Уиллди куудул киши катары көргүлөрү келбегенин билдим" деп айткан. Фэнэро тасманын биринчи бөлүгүн кыскартып, агент Кны эртерээк киргизген.

Тасманын эң орчундуу жери Дүйнөлүк соода борбору болгон эгиз мунаранын аркасында тартылган эле, бирок 11-сентябрдан кийин тасманын бул бөлүгү кайра тартылган. Тасмада эгиз мунара тартылган жерлердин баары кийин кайра тартылып оңдолуп чыккан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү