Кара курт (лат. Latrodectus tredecimguttatus) - уулуу жөргөмүш. Жетилген ургаачысы кара түстө. Узундугу 10—20 мм. Эркегинин (узундугу 4—7 мм ) жана жетиле элек ургаачысынын курсагында кызыл тактары бар. Күндүз да, түнкүсүн да жакшы көрөт. Кара курт Түштүк Европа, Батыш Азия, Түндүк Африкада, Борбордук Азиянын чөлдөрү менен тоо этектеринде таралган. Чымын-чиркей менен азыктанат. Жерге уя салып, тегерете тор м-н чырмайт. Уруктандыргандан кийин эркеги өлөт. Ургаачысы күзүндө жумуртка туугандан кийин өлөт. Жумурткасы (1200—2000дей) желе пиллада кыштап, жазында андан жаш жөргөмүш чыгат. 6 жолу түлөп, жайында жетилет. Уулуу бездери баш-көкүрөгүндө жайгашкан. Кишини ургаачысы чакса, өтө коркунучтуу, чаккан жер катуу ооруйт, кара терге түшүп, эти көгөрөт, тырышат, деми кыстыгат, көбүрөөк ууланса, өлүмгө дуушар кылат.

Latrodectus tredecimguttatus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5