Карелдер (өздөрүн карьялайзет деп аташат) – Карелиянын жергиликтүү калкы. Россиянын Тверь, Ленинград, Мурман, Архангел, Москва, Кемеров жана башка областарында, ошондой эле Финляндия, Украина, Беларуссия, Эстонияда да жашашат. Жалпы саны 93, 3 миң киши, анын ичинде 65,7 миңи Карелияда (2002). Карел жана финн тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – православие динин тутушат. Карелдер Түштүк Карелия жана Түштүк Чыгыш Финляндиянын жергиликтүү урууларынын негизинде калыптанган. Биздин замандын 1 миң жылдыгынын аягында карелдердин ата-бабалары – корела уруулары Ладога көлүнүн Түндүк жана Түндүк-батыш жээктерине отурукташкан. 11–12-кылымдарда Онега жана Ладога көлдөрүнүн ортосундагы аймактарга жер которуп, вепстер жана саамдардын бир бөлүгү менен аралашкан. Коңшу жашап, тыгыз байланышкандыктан, карелдердин маданиятынын өнүгүшүнө орус эли таасир эткен. Карелдер жөнүндөгү алгачкы жазуу эстелиги 1143-жылга таандык, 12– 15-кылымдарда орус мамлекетинин курамында карел эли пайда болгон. Карелдер дыйканчылык, мал чарбачылык, балык кармоочулук менен кесиптенишет. Салттуу кийим-кечесинде орус үлгүсүндөгү кийим басымдуулук кылат. Карелдердин тамак-ашы – негизинен балык, эт, дан азыктары. Суусундук катары чай, кофе, квас кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү