Каркобатов Хасан Жолдубаевич

Каркобатов Хасан Жолдубаевич (17. 9. 1940-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ырдык айылы) – биология илимдеринин доктору (2003). КМФИни бүтүргөн (1964). Каракол шаарындагы спорт мектебинде мугалим (1964–67). 1967-жылдан Түп районундагы Ильич орто мектебинде, Түп айылындагы спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. 1976-жылдан бийик тоо Илим изилдөө институтунда морфологиялык адаптация лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгектенет. Физиология боюнча адис. Илимий эмгектери бийик тоодогу гипоксия менен катуу кара күч жумшалган жердеги гипоксияга жүрөктүн жана коронардык кан тамырлардын айкалышкан көнүгүүнүн механизмдеринин сырын ачууга багытталган. Бийик тоодо жүрөктүн адаптация механизмин жана булчуң ишин изилдеген. 90дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы, 2 рационализатордук сунушу бар. Эмгектери: Высокогорная кардиоангиология. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар түзөтүү