Каркыра
Каркыра (Anthropoides virgo), (Linnaeus, 1758):
Жалпы жана өлкөдө таралышыОңдоо
Евразиянын жана Түндүк Африканын талаалары менен жарым чөлдөрү. Индия менен Пакистанда кыштайт. Кыргызстанда деңиз деңгээлинен 3000 м ге чейинки бийикте талаалар менен шалбалуу талааларда жашайт.
Жашаган аймактарыОңдоо
Боздоңдорго, шалбалуу талааларга, кээбирде саздарга жана чарбалык талааларга уя салат. Жаз-күз учуп өтүү мезгилинде маданий өсүмдүктөр эгилген жайытта оттошот.
СаныОңдоо
Чүй өрөөнү, Суусамыр, Кетментөбө, Ысыккөл ойдуңунда, Соңкөлдө, Арпада, Аксай өрөөнүндө, Атбашы, Нарын дарыяларынын өзөндөрүндө уялайт. Уялоочу куштардын жалпы саны 100 жупка жакын. Жазгы жана күзгү учуп өтүүдө көп санда болот. Чүй өрөөнүндө жазгы учуп өтүүсүндө 60000 особдон кем болбойт.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)Оңдоо
Жыныстык жагынан 3 жылда жетилет. Суудан алыс эмес, ачык, жайык жерге уялайт. Бир же эки балапан басып чыгарат. Жайдын аягында куштар топко биригишет.
Чектөөчү факторлорОңдоо
Өрөөндүү райондордо уялоочу жерлерин казып, айдоо кылуу жана тоолуу райондордо малдын жайылышы. Киши тарабынан түздөн-түз кырып жоготуу.
Көбөйтүү (колдо багуу)Оңдоо
Зоопарктарда оңой эле көбөйүшөт. Кыргызстанда колдо багылбайт.
Уюштурулган коргоо аракеттериОңдоо
1985-жылы Кыргыз ССРинин Кызыл китебине киргизилген. Казакстандын Кызыл китебине да жазылган.Аңчылык кылууга тыюу салынган. Караталжапырык коругунун Соңкөл аймагынын территориясында бир нече жуп коргоого алынган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттерОңдоо
Коргоо үчүн атайын чаралар талап кылынбайт.Республиканын территориясында уялоочу популяциясынын санын тактоо өтө зарыл.
СтатусуОңдоо
VI категория, Near Threatened, NT: R. Монотиптүү түр. Кыргызстандын фаунасында уруунун бир гана өкүлү.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2