КарпентарияАрафура деңизиндеги булуң; Австралиянын Түндүк жээгинде, Кейп-Йорк жана Арнемленд жарым аралынын аралыгында кургактыкка 600 км кирип турат. Аянты 328 миң км2. Тереңдиги 71 мге чейин. Булуңда Уэлсли жана ГрутАйленд а. бар. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги 3,2 мге чейин). Суусунун туздуулугу 34,8‰. Жээктеринде өтө катуу ташкын тартылуу болуп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү