Кейп-ЙоркАвстралиянын түндүк-чыгышындагы жарым арал. Коралл (Шуру) деңизи менен Карпентария булуңунун аралыгында. Аянты 300 миң км2. Түндүктөн түштүктү карай 600 кмге созулат, жазылыгы 200 кмге чейин. Түндүгүндө Австралиянын эң Түндүк чекити – Йорк тумшугу жайгашкан. Жеринин бети негизинен түздүктүү; чыгыш бөлүгүндө Мак-Илрейт кырка тоосу жайгашкан (эң бийик жери 685 м, Картер чокусу). Негизги дарыялары – Уэнлак, Арчер. Боксит кени казылып алынат (Уэйпада). Эвкалипт токою, чыгышында дайыма жашыл нымдуу жана тропик токою басымдуу. Жардин-Ривер, Арчер-Бенд улуттук парктары бар. Жээгинде Порт-Стьюарт порту жайгашкан.

Кейп-Йорк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү