Карымшак Жоошбай уулу - (1900, Ноокат району, Шорон айылы —1979, ошол эле жер) —манасчы,жомокчу. "Манас", "Эр Төштүк" эпосторунун бир катар окуяларын айткан. 1969-ж. ТАИнин кызматкерлери тарабынан "Манас" эпосунун үзүндүлөрү ("Көкөтөйдүн ашы") жазылып алынып, Кыргыз Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда (Кол жазмалар фондусу, 5192-инв.) сакталып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4