Касиеттүү (Ыйык) – (sacer – кудайга арналган ж-а sanktys – урмат-сыйга татыктуу, бийик, улуу) түшүнүктөрүнүн котормосу; римдик кудайга сыйынуучулар тарабынан орто кылымда пайда болгон kadosch (Кудайдын бардык жандуу-жансыздардан жогору турушу ж-а ага баш ийиши) түшүнүгүнүн котормосу эсептелген profans (касиеттүү эмес) түшүнүгүнө карама-каршы турат.

Адамды бир эле мезгилде коркуу ж-а өзүн бактылуу сезген кубануу, суктануу сезимине туш кылып багындырып алуучу жашыруун, сырдуу күч. Христиандык бекем ишеним б-ча касиет Кудайдын улуулугунун чексиз толук көрүнүшү; эгерде адамдар өзүнүн адеп-ахлактык жактан жетилген жашоосу аркылуу Кудай м-н байланышкан болсо, анда алар касиеттүү, «Кудайдын достору» деп эсептелишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8