Касыйда (ар.— максат, ниет) — Азия элдеринде, айрыкча араб жана перси поэзиясында кеңири тараган көркөм чыгарманын бир түрү. Ода сыяктуу салтанаттуу, мактоо мүнөзүндөгү поэзиялык чыгарма болуп, ал айрыкча орто кылымда аябай өнүгөт, аны көбунчө ырчылар хандарды, аскер башчыларды мактоо, мартабасын көтөрүү максатында чыгарышкан. Ошондой эле прогрессивдүү акындарда философиялык, пейзаждык темадагы касыйдалар жазылган. Касыйда кыргыз поэзиясына ислам дини жана коңшу түрк элдеринин адабияты аркылуу кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү