Касымов Шамшидин (1911, Суусамыр өрөөнү, Үч-Эмчек жайлоосу - 1983, Бишкек) - согуштун ардагери.

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
  • Басмачылар менен болгон күрөшкө активдүү катышкан.
  • 1927-ж. Орок айылынан 7 классты бүтүрүп, Фрунзе шаарына келип, «Конторгуч» (конторско-торговое училище) окуу жайын (1930), Москвадагы ОГПУнун борбордук мектебин (1938), Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепти (1946), Москвадагы байланыш боюнча электр-техникалык институтту (1958; сырттан окуган) бүтүргөн.
  • 1938-жылдан Кыргыз ССРинин НКВДсында ар кандай кызматтарды аркалайт.
  • 1938-41-жылдары Республиканын байланыш тармагында иштейт.
  • 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, анда 1Прибалтика фронтунун курамында 257-Суворов атындагы ордендүү Сиваш дивизиясында согушка катышкан.
  • 1943-ж. Саратовдогу аскердик-саясий окуу жайын бүтүрүп, 1-Прибалтика фронтунун курамында ботальон командиринин саясий бөлүмү боюнча орун басары болуп, согуш аяктаганга чейин кызмат өтөйт.
  • Ал Берлинге чейин барып, башка кыргызстандыктар менен эле кошо Рейхстагдын дубалына жазылып калган.
  • Согуштан кийин Кыргызстан КПнын Фрунзе облустук комитетинде инструктор болуп эмгектенген.
  • Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы дене тарбия жана спорт боюнча комитеттин 1-төрагасы (1948-51), Республиканын «Союзпечатында» төраганын орун басары, кийин төрагасы (1951-64), Кыргыз ССР байланыш министрлигинин коллегия мүчөсү.
  • 1964-ж. ардактуу эс алууга чыккан.
  • Өмүрүнүн акырына чейин комсомолдун ардагерлер кеңешине мүчө болуп, жаштарды интернационалдык духта тарбиялоого активдүү катышкан.
  • Ал II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени (1944), «Германияны жеңгендиги үчүн» (1945), «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалдары менен сыйланган.
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасын алган.
  • Суусамырлык жаманбай урууеунан чыккан Касым ажынын урпагы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9