Кататония - кыймыл-аракеттин начарлашы менен болгон психиканын бузулушу.

Оорунун эки түрү бар: оорулуунун түрдүү Кататониялык майыптык менен коштолгон ишкердиктин токтотулушу (ступор) жана максатсыз баш аламан Кататониялык козголгучтук (туталануу). Көбүнчө шизофренияда кездешет. Кататония жин оорусунун негизги белгиси, ал кан тамырлардын жана баш мээнин органикалык бузулушунан болот. Биринчи түрүндө оорулуу акырындап суз тартып, шалаакы боло баштайт, араң басат, бара-бара таптакыр баспай калат, аз сүйлөйт, акыры дудук сыяктуу сүйлөөдөн баш тартат (мутизм). Тамак ичпейт, кийим кийүүдөн качат, ордунан жылдырууга каршылык көрсөтөт (негативизм). Экинчи түрүндө оорулуунун тынчы кетет, бети-башын кыйшаңдатат, кийимин тытып, жылаңачтанат, ары-бери секирет, түкүрүнөт жана башка Көп сүйлөйт, ырдайт, бирок тили билинбейт. Оорунун эки түрү улам алмашып кайталанышы же бир калыпта көпкө создугушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8