Катраң-Башы алюминий кени
Катраң-Башы алюминий кени — Баткен облусунун Кадамжай районунда, Түркстан–Алай кырка тоосунун Түндүк капталында, Катраң-Башы тоосунда, деңиз деңгээлинен 1450–3000 м бийиктикте. Издөө иштери 1964–73-жылы жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон менен алгачкы таш көмүр мезгилиндеги карбонат катмарларынан түзүлгөн. Алардын диаспортемирлүү курамында бокситтин 100дөй жикчеси бар. Алюминий кычкылынын өлчөмү 38,38–62,76%, оттук таш модулу 2р–8,4. Алюминий кычкылынын болжолдуу запасы 4110 миң тонна.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9