Качкымбаев Санкул (1927, Чүй облусу, Москва району, Кызыл-Туу айылы – 2002, ошол жер) – Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1949-жылы Москва районунун Кызыл-Туу совхозунда ветеринар-фельдшер болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Беловодск кыш заводунда бригадир, смена мастер, участка начальниги болуп иштеген. Ал жетектеген смена кыш чыгарууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү