Качура ТоосуФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Кулун көлүнүн түндүгүндө, Кулун жана Каракулжа сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км. Орточо бийиктиги 3800-4000 м, эң бийик жери 4497 м. Кыры аскалуу жана мөңгүүлү, капталдары тик, капчыгай, кокту-колотуу.Батыш бөлүгүнө талаа жана шалбалуу талаа (2300-2500 м бийиктике чейин), шалбаа-токой-бадалдуу (2500-2900 м), субальп жана альп шалбалуу талаасы (2900-3300 м), андан жогору субнивалдык суук чөл жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.