Качура тоосу - Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Кулун колунун түндүгүндө, Кулун жана Кара-Кулжа сууларынын аралыгында кендик багытта 34 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км. Орточо бийиктиги 3800—4000 м, эң бийик жери 4497 м. Кыры аскалуу жана мөңгүлүү, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу.

Тоо юра мезгилинин чаар-таш свитасына кирген конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен турат. Батыш бөлүгүнө талаа жана шалбаалуу талаа (2300—2500 м бийиктикке чейин), шалбаа-токой-бадалдуу (2500—2900 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа жана сейрек бетегелүү талаа, чыгыш бийик бөлүгүнө субальп жана альп шалбалуу талаасы (2900—3300 м), андан жогору бийик тоо тундралуу талаа жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү