Кашкар Жанбото уулу (1829 — 1889 Кызарт) — курманкожо уруусунан чыккан чоң баатырлардын бири.
1847-жылы көп кол курап, Кененсары кыргыздарга экинчи жортуулун уюштурган. Жортуулчулардын Чуй өрөөнунүн батышынан башталган ырайымсыз кандуу чабуулу Жанкарач(жеткиликсиз шилтеме), Жантай, Ормон жана башка уруу башчыларынын тынчын алып, аларды чечкиндүү аракетке түрткөн. Солто, сарыбагыш жигиттерн стратегиялык мааниси бар, Текеликтин сеңирине топтолушуп, жоону күтүшкөн.

Эрдиги

түзөтүү

Аларга Жумгалдык саяктардан эки үйдөн бир жигит кош ат жетелеп келип кошулушуптур. Шамшыны ашып 400 адам келген. Ошолор- дун ичинде Кашкар да болгон. Кашкар ошол Текеликтин сеңирине жакын жердеги Караконуздун чыгыш жагындагы Май-Дөбөдө болгон казак менен кыргыздын чон салгылашуусунда жекеге чыгып, сайышта казактын баатырын женип чыккан. Ошол эрдиги үчүн баатыр наамын алган. (К.Усенбаев, “Ормон хан”, “Эркин Too” газетасы, 22-июль, 1998; Белек Солтоноев, “Кызыл кыргыз тарыхы”, 2-том 4-5-бетгер).

Жердеген аймагы

түзөтүү

Кашкар Кызарттын белине жете элек жерде, түштүк кырка тоодогу “Кашкар булак” аттуу жерде жашаган. Кашкар жылкыга бай, туугандарына караштуу, абдан белдүү, сырттан адам болгон. “Кашкардан кайыш артпайт” деген сөз, анын айрым жылкыларын кайыш тушамыш менен тушап койгондугунан чыккан. Тушалган жылкы жоо тийгенде үйүрүнөн артга бөлүнүп калып, алардын изи менен Кашкар дайыма өз малын жоодон кайтарып алып турган.
Кашкар намыскөй адам болгон. Атасы Жанбото Умуке аттуу экинчи энесинин колунда дүйнөдөн кайтат. Бир топ адам менен Кашкар баатыр келип, сөөктү алып кетмекчи болот. Жанботонун дагы бир уулу Жообасар, “өзүм эле коём” — деп бербей коет. Ошондо Нусуп бий арага тушуп: “Балам колуң тайкы, Жанботонун сөөгүн кандуу моюн Кашкарга чыгарып бер”, — чечкен экен.

Тукуму

түзөтүү

Кашкар баатырдын балдары: Саркебөн, Бейиш, Акынбек, Абдыраман, Таштанбек, Телкулун, Абдырамандан: Абдыкерим, Сарыкалча, Бектур. Бектурдан: Турсунаалы, Мусакожо, Заирдин, Дайыр (к. Мусакожо Бектур уулу).
Кашкар уулу азыр Жумгалдын Базар-Турук айылында Бишкекте жана Ак-Таалада турушат, жалпы саны 259-300 адамды тузөт.