Кашкар бөрү карагаты (лат. Berberis kaschgarica, Rupr. 1869) - Бийиктиги 0,5 см ден 1 м ге чейин жеткен, жыш бутактанган, муун аралыктары кыска бадал. Бутактары күрөң сымал, тикенектүү үч бөлүктүү, узундугу 15 мм, жалбырактарынан ашып турат. Жалбырактары майда, узундугу 15 мм, туурасы 6 мм, кыска жалбырак саптуу, сүйрү жумуртка сымал, терилүү, бүтүн кырдуу же капталында жылгыз учтуу тишчелүү. Гүлдөрү жалгыздан же 2-3 даанадан жалбырак колтугунда жайгашкан. Чөйчөкчө жалбыракчалары учсуз, жумуртка сымал. Желекчесинин учу кесилген-оюкчалуу, аталыгынан эки эсе узун. Мөмөсү - жазы жумуру, жемиши кара, узундугу 8 мм ге чейин.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май-июнда гүлдөп, августта мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Тибет, Кашкар (Батыш Кытай), Чыгыш Памир (Тажикстан), Борбордук Тянңшанң (Кыргызстан, Сарыжаз дарыясынын бассейни).

Өсүү шарттары түзөтүү

Таштуу адырлар, эски мореналар, сырттар. Деңиз деңгээлинен 4300 м ге чейинки бийиктиктерде учурайт.

Саны түзөтүү

Аз санда, жалгыздап кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түрдүн популяциялары кездешкен аймактарды чарбачылыкка өздөштүрүү.

Өстүрүү түзөтүү

Атайлап өстүрүү боюнча маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде катталган (1985).

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн санын, биологиясын изилдеп, ал кеңири таралган жерлерде ботаникалык заказник уюштуруу керек.

Статусу түзөтүү

VU. Сейрек кездешүүчү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү