Кашкар
Кашкар же Каши (уйг. قەشقەر, Қәшқәр; кыт. 喀什 (Kāshí) — Кытай Синьцзян-Уйгур автономдук аймагындагы Кашкар обастында жайгашкан шаардык уезд. Калкынын саны - 570 000 (2003-жылга карата)
Шаар
|
Кашкар — "Манас" эпосунда кезиккен топоним. Кыргыздарга коңшу отурукташкан эл жашаган белгилүү чоң шаар жана айланасындагы аймак катары эпосто кеңири кездешет. Айрыкча, Кошойго байланышкан эпизоддор, Манас өз элине таандык жерлерди душмандардан бошоткондогу бир катар окуялар ушул Кашкар айланасында өтөт. Географиялык реалияда Кашкар Чыгыш Түркстанда, Синьңзян-Уйгур автономиялык облусунун түштүк-батышында, Кызыл-Суунун жайылмасында жайгашкан шаар.
ШилтемелерОңдоо
- Шаардын расмий сайты
- Кашкар XIX кылымда: Биздин Орто Азиядагы чек аралар. Кашкар; Соңу. («Нива», 1879).